ЭЛДИК КАБАРга жооп: Ош ОИИБи: "Папан айылындагы жол тосуу боюнча териштирүү иштери башталды"

Папан айылындагы жол тосуу боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ушул жылдын 3-июнь күнү саат 21:00 чамасында Папан айыл аймагынын Кожокелең айылынан Арал айылы аркылуу оор жүк ташуучу Хово үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 24 жаштагы И. уулу К.ны Арал айылынын 20га жакын тургуну жеңил автоунаа менен жолду тосуп токтотуп, Хово унаасын өткөрбөй айыл аркылуу өткөнсүң деп кол көтөргөндүгү жөнүндө арыз менен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 265-беренесинин 1-бөлүгүндөгү кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө иштери башталды.
Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жол тосуп кол көтөрдү деген жарандар тергөөгө чакырылып териштирүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин социалдык тармактарга бычак менен коркутту деген маалымат таркаган болчу. Тергөө учурунда бычак болгону же болбогону такталууда. Тергөөгө ондон ашуун жаран чакырылды. Тергөө учурунда суралган жарандар арыздануучуну эч ким бычак менен коркутушпагандыгын көрсөтүшкөндөн кийин эки тарапты беттештирүү амалдары аткарылууда. Ошондой эле күбөлөр да суралууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан айылынын жашоочулары жол тосушуп, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын бычак менен коркуткандыгы тууралуу кайрылган.



1 |