super.kg logo

Жети-Өгүздө үй карантиндин шарттарын бузган үч жаранга айып салынды

 

Жети-Өгүз районунда үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн үч жаранга айып салынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери, башка жергиликтүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте коронавирус жугуштуу илдетинин жайылышына жол бербөө максатында аймакта бир катар профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келүүдө.

Ушундай иштердин жүрүшүндө, 5-июндан 7-июнга чейинки аралыкта үй карантиндин шарттарын бузган 3 жаран милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган. Алар Орусиядан келишкен 43 жаштагы С.Т. жана 22 жаштагы Ж.А. ошондой эле оорулуу адам менен байланышта болгон 43 жаштагы С.Н. болуп чыгышты. Аталган жарандар менен онлайн режим аркылуу үй карантиндин шарттарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык-эпидемиологиялык кызматынын өкүлдөрү менен тийиштүү протоколдор түзүлүп, ар бирине 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ысык-Көл облустук милициясы дагы бир жолу эскертет:

Үй карантини учурунда үйдөн чыгууга болбойт. Мүмкүн болушунча үй-бүлөнүн мүчөлөрү менен аз байланышта болуп, өзүнчө бөлмөдө болуу зарыл. Өзүнчө идиш-аяк, кол арчы жана гигиена каражаттары менен колдонуу керек. Ар дайым бөлмөнүн ичин желдетип, атайын каражаттар менен тазалап туруу абзел. Ар дайым медицина кызматынын дарыгерлери менен кеӊешип, алардын айткан кеп-кеӊештерин аткаруу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: