Жогорку Кеңештин комитети желим баштыкчаларды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды
Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитетинде желим баштыкчаларды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоору полимер материалдардын адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Бир жолу колдонулчу полимер материалдардан жасалган баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери пластикалык таштандылардын айлана-чөйрөгө кандай зыян алып келерин эске алып, бир жолу колдонулчу кооптуу желим баштыктардын көзөмөлсүз айлануусуна бөгөт коюу зарыл экендигин белгилешти. "Дүйнөлүк тажрыйба тыюу салынган учурда пластикалык таштандылардын көлөмү кыйла азаярын, натыйжада анын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасири да төмөндөрүн көрсөттү", - деди баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев.



1 |