Парламенттин комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту эске алынды
Парламенттин комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралды.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Болгомбаев өз баяндамасында белгилегендей, кеңештин негизги максаты корпорациянын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын коомдук турмуш жөнүндө калыс, объективдүү маалымат алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат. "2019-жылы жалпы жонунан Байкоочу кеңештин 9 отуруму өттү, продукция керектөөчүлөрдөн 30га жакын кайрылуулар түшүп, алардын көпчүлүгү руханий баалуулуктарды жайылтуу, маданий - тарыхый мурастарды сактоону камсыздоо, региондордогу коомдук иш-чараларды чагылдыруу, телекөрсөтүүлөрдү сурдокотормо менен коштоо маселелерин көтөрүшкөн", - дейт ал.
Жыйынтыгында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Байкоочу кеңештин отчёту эске алынсын деп табылды.

