super.kg logo

"Үй-бүлөсүнө кайта албай жатышат". Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара бекетинде 100дөн ашык аял Өзбекстанга өтө албай жатат

 

Өзбекстандын жарандарына турмушка чыккан 100дөй аял Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара бекетинде кармалып турат. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Абалды өлкөнүн Акыйкатчы институту көзөмөлгө алганын мекемеден маалымдашты.

Анда айтылгандай, акыйкатчы Токон Мамытов ТИМге Өзбекстандын акыйкатчысы менен сүйлөшүп, мекендештердин маселесин чечүү боюнча кат жолдогон.

"Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунда карантинге байланыштуу мамлекеттер аралык чек араларга чектөө киргизилгени 100дөн ашык Кыргыз Республикасынын жарандары же Кыргыз өлкөсүнүн же Өзбекстандын аймагына кире албай калышты. Алар Өзбекстандын жарандарына турмушка чыгып, Өзбекстанда жашаган Кыргыз жарандары. Алар Өзбекстандын жарандыгын да ала элек болгондуктан, 2 ай сайын Кыргызстанга кирип кайра Өзбекстанга кеткенге мажбур болушат", - деп жазылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.

Ошондой эле Мамытовдун кайрылуусуна карата министрлик жооп бергендиги кошумчаланган. Анда Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги бул маселени карап чыгып, андагы жарандарды 14 күндүк обсервацияга алуу менен Өзбекстандын аймагына киргизүү мүмкүнчүлүгү караларын билдирген.

"Бирок ушул тапта обсервациядагы орундар чектелүү. Андыктан Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги ал аялдарды этап-этабы менен өткөрүү боюнча тизме түзүүдө", - деп билдиришкен Акыйкатчы институтуна.

Токон Мамытов Ош шаарындагы жана Ош облусундагы өкүлчүлүктөргө бул көйгөй менен иштешүү боюнча тапшырма берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.06.2020. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Токон бир жумушту жыргаткан жок качантан бери саясатта жүрөт башкасы жок беле,качан кутулабыз ушул орускулдардан,качан бир эгемен мамлекет болуп өз башыбызча чечим алабыз.
09.06.2020. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстанга тийген кыргыз жараны болгону менен бүт эле туугандар да андан башка проблема толтура го ошолордун көйгөйүн чечпестен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: