super.kg logo

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемиологиялык абал начарлап баратканын айтты

 

Коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча дүйнөдөгү абал начарлап баратат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус билдирди деп жазышат чет элдик маалымат каражаттары.

Аталган уюмдун маалыматына ылайык, Европада абал жакшырып баратканы менен башка аймакта начар бойдон калууда.
"Акыркы 10 күн аралыгында статистикага токтолсок, бир суткада коронавирус 136 миң бейтаптан аныкталып, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Сутка ичнде илдет аныкталган 136 миң кишинин 100 миңден ашууну АКШнын жана Түштүк Азиянын тургундары болуп саналат. Ошондой эле Борбор Азия менен Батыш Европанын аймактарында дагы илдетти жуктургандардын статистикасы өсүп жатат", - деген Тедрос Гебреисус.

АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан 9-июнга карата алынган маалымат боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 85 миң 894кө өстү. Алардын арасынан 3 миллион 180 миң 479 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 405 миң 168 адам көз жумду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.06.2020. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башты,айландыргандар... 7 миллиондун 3 миллиону айыкса 4 миллион деп жазылат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: