Мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгын жараткан. Орусиялык актёр Михаил Ефремовго кылмыш иши козголду





Орусиялык белгилүү актёр, режиссёр жана теле алпаруучу Михаил Ефремовго кылмыш иши козголду. Ал 8-июнда Москва шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган деп жазышат орусиялык басылмалар.
Маалым болгондой, актёр өзүнүн унаасы менен бара жатып, каршы тилкедеги жүк ташыган кичи унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгын жараткандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Ал жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылат маалыматта.
Актёр "Диверсант", "Диверсант-2", "9-рота", "Ленинград", "Асман. Учак. Бийкеч", "Марцефаль" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.