super.kg logo

АКШда күнөөсүз адам 28 жыл түрмөдө отурган соң акталып чыкты

 

АКШда 4 жашар кыздын өлүмүнө шектелип 28 жыл абакта отурган адам акталып чыкты. Мындай маалыматты америкалык басылмалар жазышкан.

1988-жылы июль айында Филадельфия штатында 4 жаштагы Барбара Жин Хорн аттуу кыздын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн жанындагы картон кутучанын ичинен табылган. Окуядан 4 жыл өткөн соң маркум кыздын кошунасы Уолтер Огрод анын өлүмүнө шектүү катары кармалган. Кыз каза болгон учурда Уолтер Огрод 23 жашта болгон жана наабайканада иштечү. 1996-жылы соттук иш кайрадан каралып, 4 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүп, өлтүргөн деген айып менен Пенсильвания штатындагы абакта өлүм жазасына буюрган камерага которулган. Арадан 28 жыл өткөндөн кийин гана, тагыраагы ушул жылдын январь айында окуя болгон жерден алынган ДНК менен шектүүнүн ДНКсы дал келбей тургандыгы аныкталып, Уолтер Огродго чыккан өлүм жазасы алынган.

Сот Уолтер Огрод күнөөнү моюнуна алышына полиция кызматкерлери мажбурлаган деген жыйынтык чыгарган. Ал эми Уолтер Огроддун жактоочусунун айтымында, Уолтер акталып жаткандыгына кубанып, абактан чыккандан кийин биринчи эле үй-бүлөсү менен барбекю уюштурарын айткан. Прокурор Кэрри Вуд: "Сиздин берген көрсөтмөңүз Филадельфиянын полиция кызматкерлери тарабынан жазылганын түшүнүү үчүн 28 жыл кеткени өкүндүрөт", - деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
09.06.2020. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин олкодо куноосуз абакта жаткандар канча алар эчкачан акталып чыгышпайтго
09.06.2020. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
28 жыл жаштыктын турмодо откону кандай окунучтуу э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: