Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты жумалыгы старт алды





Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты жумалыгы старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
8-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгынын расмий ачылышы жана Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып даярдалган көргөзмөнүн ачылышы болду.
Маалыматка ылайык, саамалыкка маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оролбаева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев, китепкана директору Жылдыз Бакашова жана башкалар катышкан.
"Жуманын расмий ачылышында Күлүйпа Кондучалованын кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылып, легендарлуу маданият министринин басып өткөн жолуна токтолушту. Эске салсак, Маданият министрлиги тарабынан демилгеленген "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгы 15-июнга чейин уланат. Анда мамлекеттик жана коомдук ишмердин маданият тармагына жасап кеткен иштери тармактарга бөлүнүп, ар бир күн өзүнчө темага арналып, алар социалдык медиа жана массалык маалымат каражаттары аркылуу берилип турат", - деп айтылат маалыматта.
Жумалыктын алгачкы күнү "Күлүйпа Кондучалова жана улуттук мурас, кыргыз адабияты жана китеп дүйнөсү" темасына арналып, КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналы жана министрликтин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз берилди. Көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Жумалы Момункулов жана Мундузбек Тентимишов катышты.
Күлүйпа Кондучалова 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. Ал бир нече жолу СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланып, Советтер Союзу учурунда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, андан кийин 20 жылдан ашык убакыт маданият министри болгон.

