Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жаңы сайты иштелип чыкты
Бүгүн, 9-июнда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов онлайн маалымат жыйын берди.
Анда фонддун сайты кайрадан иштелип чыкканы айтылды. Ага ылайык, ар бир жаран https://www.fgi.gov.kg/ сайтына кирип, мамлекеттик жана акционердик ишканалар тууралуу толук маалымат алууга болору айтылды.
"Фонддун жаңы сайтынын негизги артыкчылыгы - анда ачык-айкындуулук камсыздалган. Ал беш бөлүктөн турат. Мисалга алсак, биринчи бөлүктө улутташтырылган жана конфискация болгон объектилер жөнүндө маалымат камтылган. Экинчи бөлүктө ижарага байланыштуу маалыматтар бар. Ага ылайык, ким ижарага кайсы объектини алды, канча мөөнөткө, мамлекетке канча каражат түшүп жатканынан бери жарандарга ачык көрсөтүлгөн.
Ошондой эле бардык облус жана шаарларда инвентаризация жүрүп, андагы чогулган маалыматтар реестрге киргизилди. Инвентаризацияга 2012-жылдын 2020-жылга чейинки статистика киргизилди. Мындан тышкары ар бир жаран электрондук соода аянтчасы деген бөлүмгө кирип, онлайн өтүүчү алып-сатуу процессине катыша алат. Бизде 105 мамлекеттик жана 52 акционердик коом бар. Алардын киреше-чыгашалары жөнүндө дагы маалыматтар ачык көрсөтүлгөн", - деди Жылдызбек Исакулов

