Ибрагим Жунусовдун Июнь окуясынын бир жылдыгында сүйлөгөн сөзү
Ибрагим Жунусовдун Июнь окуясынын бир жылдыгында сүйлөгөн сөзү.
"Эненин көз жашы деген эстелик ачылды. Бул эстелик шейит кеткендер үчүн кереги жок. Бул эстелик тирүүлөр үчүн, кулагыбызга коңгуроо болуп кагылып, жүрөгүбүзгө найза болуп сайылып турушу керек. Муну көргөн сайын ушундай окуя болбосо экен деп эстеликке таазим этип турушубуз зарыл.
Эки элдин достугун бузуп, энелердин көз жашын агызгандар кимдер? Булардын улуту барбы? Эмне үчүн 1990-жылы болгон окуя кайра 20 жылдан кийин кайталанды деп кээде өзүмө суроо берем. 1990-жылы бул окуя боюнча күнөөлүүлөр жазасын албай калып, окуя кайра кайталанды. Күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Карапайым эл бирөөнүн куралы болбой, өзүбүздүн ким экенибизди билишибиз шарт", - дейт Ибрагим Жунусов.
2010-жылы 10-июнда түнкү саат 10дор чамасында Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жарандар ортосунда жаңжал чыккан.
Окуяны иликтеген улуттук комиссиянын 2010-жылы 10-декабрда жарыялаган отчётунда Июнь окуясында Ош жана Жалал-Абад облусунда 420 адамдын денеси табылганы, анын 381инин ким экендиги аныкталганы жазылган. Анын ичинде аскерлер жана милиция кызматкерлери дагы бар. 1 миң 925 адам ар түрдүү жаракаттарды алса, 925и октон жаракат алган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, жаңжал чыккан күнү 800дөй адам каза болгону айтылат.
Ибрагим Жунусовдун Июнь окуясынын бир жылдыгында сүйлөгөн сөзү












1 |