Обочолонуу режими алынган Москвада коронавирустан каза болгондордун саны 3 миңден ашты
Москва шаарында коронавирустан каза болгондордун саны 3 миң 29га жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмаларда жазылды.
Анда жазылган маалыматка ылайык, аталган шаарда COVID-19 илдетинин кесепетинен бир сутка ичинде 59 адам каза болгон. Учурда Москвада 198 миң 590 адам коронавирус менен катталган. Алардын ичинен 3 миң 29 жаран каза болсо, 109 миң 737 бейтап жугуштуу вирустан сакайды.
Орусияда жалпы 476 миң 43 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган. Арасынан айыгып чыккандар - 230 миң 226, көз жумгандар - 5 миң 963.
Бүгүн, 9-июндан тарта Москвада обочолонуу, өткөрмө уруксаттарын алуу жоюлат.
Москва шаарында карантин режими 29-мартта киргизилген. Көптөгөн жайлар, мекемелер ишин токтотуп, адамдар обочолонууга милдеттендирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.