super.kg logo

"Терминал" тасмасы эсиңиздеби? Коронавирустан улам мекенине кайта албай калган ганалык футболчу аэропортто 72 күн жашаган

 

Ганалык футболчу Рэнди Хуан Мюллер карантинге байланыштуу Индиянын аэропортунда калып калган. Ал аэропортто дээрлик 72 күн жашаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантинге байланыштуу бардык аба каттамдары токтотулуп, 23 жаштагы Мюллер мекенине кайта албай, Мумбайдын аэропортунда калып калган. Футболчу аэропорттун терминалында 21-марттан 3-июнга чейин жашаган.

Ал өзүн Том Хэнкстин "Терминал" деген тасмасындагы каарман менен салыштырганын кошумчалаган. Айтымында, таң эрте туруп, жуунуп, бакчага сейилдөөгө чыгып, өзүн алаксытуу менен убакыт өткөргөн. "Өкмөт бардык эл аралык каттамдарды токтоткондугуна байланыштуу эч жакка кете албай калдым. Аргасыз аэропортто күн өткөрүүгө мажбур болдум. Мекениме кайтууга шарт түзүлүп калабы деп үмүттөндүм, бирок андай болгон жок. Аэропортто баары кымбат болгондуктан акчам тез эле түгөндү. Ошондуктан, мүмкүн болушунча үнөмдөөгө аракет кылдым. Аэропорттун кызматкерлери мага тамак-аш, кээде акча берип турушту. Ошондой эле башка өлкөлөрдөн эвакуацияланган жүргүнчүлөр да тамак-аш, акча, китеп таштап кеткен учурлар болду", - деген Мюллер.

Ал тууралуу кабар социалдык тармактар аркылуу көпчүлүккө тарагандан кийин, индиялык аткаминер аны мейманканага жайгаштырган. Ал эми Гананын өкмөтү аны жакынкы күндөрү мекенине кайтарууга убада берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: