super.kg logo

Европадагы белгилүү профессор-вирусолог: "Бир канча айдын ичинде коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу мүмкүн эмес"

 

"Биз сабырдуу болушубуз керек" деп Европадагы беделдүү профессор-вирусолог Йохан Нейц билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал коронавирус пандемия катары катталгандан бир канча гана ай өткөнүн белгилеп, мындай аз мөөнөттө күчтүү антидот табуу мүмкүн эмес экенин айткан.

Йохан Нейц белгилүү бельгиялык профессор. Ал коронавируска каршы вакцина тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирген. "Коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу мүмкүн. Бирок ага убакыт талап кылынат. Биз вирустун активдүүлүгүн төмөндөтө турган препараттын үстүнөн иштеп жатабыз. Биз вируска каршы вакцина иштеп чыгарыбызга ишенем. Бирок ошол эле учурда кырдаалга реалдуу көз караш менен кароо керек. Дүйнө эли пандемияга даярданган эмес, ошондуктан, бир канча айдын ичинде вируска каршы вакцина иштеп чыгуу мүмкүн эмес. Дүйнө эли бул сыяктуу пандемияларга даяр турушу керек экени баарыбызга сабак болду", - деген профессор-вирусолог Йохан Нейц.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: