super.kg logo
  Саясат  

Депутат "Кылмыштуу чөйрөнүн мүчөлөрү декларация тапшырышабы, алардын байлыгы кантип текшерилет?" деп сурады

 

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев "кылмыштуу чөйрөнүн мүчөлөрү декларация тапшырышабы" деп сурады.

"Кыргыз өлкөсүндө кылмыштуу чөйрөлөр бар. Кылмышкерлердин арасында өтө бай деген адамдардын катарын толтургандар бар. Алар декларация тапшырышабы?" - деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев мыйзам долбоору мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге багытталганын айтты.

Депутат: "Буларды кандай кылып текшерсеңер болот? Кылмыштуу чөйрөнүн лидерлеринин Чолпон-Ата шаарындагы үйлөрүнүн башы ушул жерден көрүнөт. Алар күндөн-күнгө байып жатышат", - деди.

Асрандиев: "Алар декларация толтурбайт. Ички иштер министрлиги же башка укук коргоо органдары алар мыйзамсыз каражаттарды таап жатса, иш алып барышат", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: