Бир адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына катышкан орусиялык актёр Михаил Ефремов күнөөсүн моюнуна алды
Кечээ, 8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде мас абалда унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремов күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу актёрдун жактоочусу жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Алгач, кечээ унаа айдап бара жатып жол кырсыгына кабылганын айтты. Бирок бүгүн сурак бир катар техникалык себептерден улам болгон жок", - деген жактоочу.
Ал эми жактоочу "актёр күнөөсүн моюнуна алдыбы?" деген суроого "ооба" деп жооп берген.
Буга чейин Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган.
Актёр Михаил Ефремов катышкан жол кырсыгы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.