Артында 30 жыл чогуу өмүр сүргөн жубайы, 3 баласы калды. Марат Жанталиевдин берген маектери жана тартылган тасмалары
Бүгүн, 9-июнда кыргыз маданияты дагы бир улуу инсан, чоң талантынан айрылды. Калың элге "Бопуш" деген ат менен белгилүү болгон атактуу актёр Марат Жанталиев 59 жашында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды.
"Кыргыз болуп Кыргызстанда туулганыма сүйүнөм. Мекенимди сүйөм. Мен ушул турган турпатым менен патриотмун. Патриот болгон үчүн көчөдөгү кичинекей кагазды да алып таштанды челекке салам. Канча айлык албайын топук кылып, башка кесиптин эшигин какпай, чет өлкөгө кетпей иштеп келе жатам".
Бул Марат Жанталиевдин 2017-жылы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде айтканы. Анда ал "Саякбай" тасмасына тартылганы, өлкөдөгү таланттардын бааланышы, өзүнүн кулк мүнөзү жөнүндө кенен кеп кылган.
Жанталиев өмүрлүк жубайы Асел Дооронбаева менен 30 жыл чогуу жашаган. Түгөйлөр 3 баланын ата-энеси. Алар бекем үй-бүлө куруунун сырлары тууралуу бул маегинде айтып беришкен. Маектин видеосун бул шилтемеден көрө аласыздар.
Марат Жанталиевдин чыгармачылыгы актриса Айнура Турганбаеванын чыгармачылыгы менен катарлаш болду. "Сакиш, Бопуш" тандеми көптөгөн интермедия, сатира, тасмаларда жазылып, маданият сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. Кыргыз маданиятына өмүрүнүн дээрлик көп бөлүгүн арнаган Жанталиев менен Турганбаева "Супер-Инфо" гезитине тасма талаасында басып өткөн жолу тууралуу маек беришкен. Шилтеме аркылуу кирип интервьюну окусаңыз болот. Видеомаек бул шилтемеде.
Актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндө туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.
Тартылган тасмалары:
"Боз салкын",
"Саякбай",
"Ак илбирстин тукуму",
"Курманжан датка" жана башкалар.


Жубайына,балдарына,бир туугандарына сабыр тилейм.
Агабыздын жаткан жери жайлуу болсун,бейишке кирсин...