super.kg logo

Марат Жанталиев 10 күн мурун клипке тартылган. "Ооруп жатса да съёмканы таштаган жок" дейт Айзада Жамгырчиева (видео)

 

Ырчы, алып баруучу Айзада Жамгырчиева менен ырчы Калыс Жакыпов мындан 10 күндөй мурун "Сен дедим" аттуу дуэтине клип тартышкан. Анда клиптин башкы каарманынын ролуна театр жана кино актёру, маркум Марат Жанталиев тартылган. Буга чейин Жанталиев бүгүн, 9-июнда оорудан улам 59 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы маалымдалган болчу.

Айзада Жамгырчиева бизге берген билдирүүсүндө, "бул агайдын акыркы клиби болуп калды өңдөнөт" деп белгиледи.

"Клипке тартылып бериңиз деп суранып кайрылсак макул болду, абдан сүйүндүк. Ага чейин ооруп жүргөнүн билген эмесмин. Съёмка учурунда ооруп жатам деп кээ бир учурларда бир аз эс ала калып жатты. Ошентсе да ишти таштап басып кеткен жок, ооруганын жашырууга аракеттенип, күлүп-жайнап съёмка бүткөнчө биз менен тамашалашып чогуу жүрдү.

Жумуш 12 саатка созулду, түнкү саат 23:00дөн өтүп үйүнө жеткирип бардык. Оорудум дегени менен көңүлү куунак эле, Бишкектеги Туңгуч кичи районунан үй алган экен, ошону айтып берип, кубанып эле бара жаткан.

Коштошоордо "клип чыкканда айтып койгула, мен күтөм" деп калган эле. Клип дээрлик даяр болуп калды, бирок бул суук кабарды угуп дале эсимди жыя албай турам. Кыргыз маданияты үчүн оор жоготуу болду. Өзүмчө агай өмүрүнүн аягына чейин кесиби менен болду деп ойлонуп жатам", - деди Жамгырчиева.






Марат Жанталиевдин 10 күн мурунку съемкага тартылып жаткан учуру

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
09.06.2020. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жайы жаннаттан болсун, биринчи окуп ишене алган жокмун чынында, эмне болуп жатат деги, кыргыздын залкарлары чекесинен кетип жатат, ооруп жатса да жүргөнүн кара күлдүрүп "ой бир катынды" деп коёт:((
09.06.2020. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байакуш журогум ооруп турат кандай гана жаман кабар болду мен учун, Уй булоосу кайрат кылсын байкуштар.... жаткан жерин жайлуу кылсын.
09.06.2020. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ии жаман иш болуптур чынында таланттуу актер эле
09.06.2020. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы,таланттуу,эл суйгон жана эмгектерин улам улам коруп тажабаган кыргыздын кыраан азаматтары жана аялзаты арабыздан кетип атышат.Ыйманы саламат болсун!!!"Бопуш"деген каймана атын дээрлик 3доордун адамдары билсек керек.Кандай роль ойнобосун,эл ыраазы болчу.Кинолорун дагы коп-коп жолу коруп турабыз
10.06.2020. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир катынды деп койгонун. Кана Бир жакшылык кордубу же койчу жакшы соз уктубу . Жок кайдан кайдан угат. Эртен утром жерге берип жатканда калп эле платочкасын бетине тийгизип ийнин кыймылдатып сулкулдотуп жеп ичкендер жакшы Адам эле деп суйлоп коюшат. Эх условия тузуп бергенде бул адамдын колунар баары келмек. Ичим куйгонунон ыйлап атам . Жакын Бир тууганымды агамды жоготкондой болуп жатам. Телевизордон корсом дагы мени тааныбаса дагы ичим орттонуп атат
10.06.2020. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип кулуп турганын коруп кантип олумго кыясын. Олбогондой болот корсон. Аттин дуйно, арман дуйно экенда ушундай. Аллахым бейишинен орун берсин!
10.06.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаттантан болсун ишене албай турам ошол үчүн адамды көзү тирүү кезинде сыйлап алыш керек келгиле туугандар биримдикте ынтымакта бололу жакындарыбыз аман болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: