Ысык-Көл облусуна кирүү эрежелери өзгөртүлдү

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан COVID-19 пандемиясы учурунда облус аймагына кирүүнүн эрежелери кайрадан өзгөргөнүн кабарлашты. Ага ылайык, эми облус аймагына кире турган жарандардын баарынын паспорттору текшерилбейт.
"Чет өлкөдөн жана оору көп жайылган аймактардан келгендерден гана документтер талап кылынат. Калган бардык жарандардын дене табы санитардык-карантиндик постто текшерилет.
Эгер ал адам эс алууга келсе, келген пансионатпы, курорттук-саламаттыкты чыңдоо комплексиби, хостелби же мейманканабы каттоодон өтүшү абзел", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.
Буга чейин Ысык-Көл облусуна кирүү үчүн көзөмөл-текшерүү постунун жумушу тууралуу баяндаганбыз. 1-июндан тартып туристтик тармактын көп түрлөрүнө уруксат берилген. Буга карата Ысык-Көлдүн аймагына кирүү талаптары жеңилдетилди.

