super.kg logo
  Саясат  

"Энелердин сыздаган ыйы, аталардын арманы унутула элек". Сооронбай Жээнбеков 10 жыл мурда Июнь окуясында каза болгондорду эскерди

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда 2010-жылдагы Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондорду эскерди.

Мамлекет башчысы Ош шаарындагы "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл койду. Анда каза болгондорго багышталып куран окулду.

Каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков ошол күндөрү болгон трагедиянын, эл башына түшкөн кайгы-муңдун издери дале болсо өчө электигин белгиледи.

"Энелердин төгүлгөн көз жашы, сыздаган ыйы, аталардын арманы унутула элек. Шейит болгон мекендештерибиздин элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө", - деп айтты президент.

Мамлекет башчысы дагы бир ирет каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, ошол кандуу күндөрдө ушул жерде жүргөнүн, ал окуяларды өз көзү менен көрүп, керт башынан өткөргөнүн эске салды.

"Сиздер менен чогуу чыр-чатакты токтотуу үчүн, тартипти калыбына келтирүү үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманын, силердин кайгы-муңуңарды сезип, жүрөгүм менен кабыл алам", - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясы мамлекеттин бүтүндүгүн, улуттар ортосундагы ынтымакты көздүн карегиндей сактоо керектигин эскертип турарын баса белгиледи.

"Кылымдар бою эриш-аркак, куда-сөөк, бир тууган болуп жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымак менен биримдикти аздектеп, байыркы Ош шаарынын даңазалуу тарыхын жараткан. Улуттар аралык тынчтыкты, ынтымакты көздүн карегиндей сактоого ар бирибиз милдеттүүбүз. Өлкөбүздү чогуу күч аракет менен гана өнүктүрөбүз".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: