super.kg logo

Марат Жанталиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу маданият өкүлдөрү көңүл айтты

 

Маданият өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актёру Марат Жанталиевдин 2020-жылдын 9-июнунда 59 жашында катуу оорудан улам дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу текстин жөнөтүштү.

Андактёрдун кино тармагындагы алгачкы ийгилиги залкар режиссёр Төлөмүш Океевдин “Кожожаш” тасмасында Саяктын ролун кайталангыс кылып жаратуу менен таанылган. Андан бери "Мосфильм" студиясынын “Очарованный странникте” жылкычынын, “Президент жана бомжда” бомждун образын, “Саякбай” көркөм тасмасында Саякбай Каралаевдин бейнесин чеберчилик менен аткарган. "Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты” сериалдарында Каке, Шаку деген кейипкерлери менен эл эсинде калды. Ал эми жаштар театрынын сахнасында “Найман эне” спектаклинде Жоламан, “Талант жана тагдыр” спектаклинде Казак режиссёру, “Үч кемпир” спектаклинде Акиш кемпир, “Көчкү” спектаклинде Карыя сындуу бир нече таасирдүү образдарды жараткан.
Марат Жанталиевдин маданият тармагына сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы менен сыйланган. Эл аралык Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын жана Советбек Жумадылов атындагы театралдык сыйлыктын лауреаты болгон.
Чыгаан актёрдун жараткан ар бир образы жана адамгерчилик бийик сапаты, жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана ага туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылган.

А.Ж. Исмаилова, С.К.Ибраев, К.К.Иманалиев, С.Шер-Нияз, А.К. Жаманкулов, К.Б.Базарбаев, Ж.У.Саралаева, С.А.Раев, К.О. Иманалиев, М.А. Бектеналиев, Б.Жакиев, М.Т.Байжиев, Г.С.Базаров, М.Мусаев, Ж.Сейдахматова, М.Ө.Далбаева, Н.И.Мамбетова, М.У.Алышпаев, М. С. Шаршенбаев, Г.К.Каниметова, З.М.Сооронбаев, Т. А. Абдразаева, К.А.Осмонов, М.Мамазаирова, Ж.О. Кулманбетов, Э.Ч.Айтматов, Э.В.Чалабаев, Т.К.Сманбеков , А.М.Жангазиев, Э.Абдыжапаров, А.А.Өзүбеков, А.Тургунбаева, Г. Турсунбаева жана башкалар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: