Ош облусунда милициянын жаңы кайгуул кызматы түзүлөт

Бүгүн, 10-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев, Ички иштер органынын реформалоо бөлүмү боюнча жумушчу топтун башчысы Темирлан Ибраимов, Патрулдук милициянын кызматкерлерин тандоо боюнча комиссиянын мүчөсү Тимур Шайхутдинов онлайн маалымат жыйын берди.
Ош облусунда милициянын жаңы кайгуул кызматын түзүү боюнча токтом чыкканы айтылды.
"Бул пилоттук долбоордун алкагында кызматка 219 орун каралган. Ага катышууну каалагандарга ачык сынак жарыяланды. Бул үчүн жарандар өз арыздары менен кайрылса болот. Биринчи пилоттук долбоор Бишкек шаарында түзүлгөндүктөн, Ош облусунда патрулдук милицияны түзүүдө көйгөйлөр жаралбайт деп ойлойм", - деди Нур Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.