Бишкекте кайсы бала бакчалардын кызматкерлеринен коронавирус аныкталганы белгилүү болду
Кечээ, 9-июнда республикалык штаб борбор калаадагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус аныкталганын маалымдаган. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кайсы бала бакчалардын кызматкерлеринен илдет аныкталганын кабарлашты.Маалым болгондой, 3 кызматкер №111, №35 жана №37 муниципалдык бала бакчаларда иштейт. Ал эми дагы үчөө "Ак Шоола", "Ак Жол", "Асылай" менчик бала бакчаларынын кызматкерлери.
"Оорулуулар бейтапканага жаткырылды. Алар менен байланышта болду делинген жарандар аныкталып, үй карантинине жөнөтүлдү, бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Борбор калаадагы абалды шаардык штаб көзөмөлдөп жатат. Күн сайын коронавирустун очокторун аныктоо боюнча иштер аткарылып, мониторинг жүргүзүлүүдө", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















