12-июндан баштап Бишкек-Ош-Бишкек каттамы күнүгө эки жолу учат
«Манас» эл аралык аэропорту 12-июндан баштап Бишкек-Ош-Бишкек маршруту боюнча жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз ички каттамдарын күнүнө эки жолу аткарат. Каттамдарды «Тез жет» ата мекендик авиакомпаниясы ишке ашырат.
Каттамдар:
Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);
Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).
Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек.
Бардык жүргүнчүлөрдөн сунушталган сактык чараларды ынанымдуу сактоолорун өтүнөбүз.
Эскертебиз, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат, аларда коргоочу бет кап жана билеттери болушу керек. Бардык жүргүнчүлөр кире бериштен термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер бар.

