super.kg logo

"Биз коронавирус менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек". Испанияда өзгөчө абал бүткөндөн кийин да бет кап тагынуу милдеттендирилди

 

Испанияда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 22-июнда аяктайт. Бийлик жарандарга өзгөчө абал бүткөндөн кийин да коомдук жайларда бет кап тагынууну милдеттендирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

"Коронавируска каршы вакцина иштелип чыга элек болгондуктан, бул вирус өмүргө коркунучтуу бойдон калат. Өзгөчө абал алынганы вирус жоголду дегенден кабар бербейт", - деп айтылат маалыматта. Ал эми өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Сальвадор Илла адамдар вирус менен жашаганды үйрөнүшү керектигин айткан.

Бет капты социалдык аралыкты (1 жарым метр) сактоого мүмкүн болбогон коомдук жайларда, көчөдө жана имараттын ичинде да тагынуу милдеттендирилди. Коомдук жайларда бет кап тагынбай жүргөн жарандарга 100 евро өлчөмүндө айып салынат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда коронавирусту жалпы 289 миң 46 адам жуктуруп алган. Анын ичинен 196 миң 958 адам айыгып чыкса, 27 миң 136 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: