Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы катардагы жана кенже жетектөөчү курамындагы кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт.
Конкурска укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы жарандар катыша алат.
Бош кызмат орундары:
- Жалал-Абад ОИИБинин медициналык кызматынын дарылоо-реаблитациялык борборунун медициналык айымынын кызмат ордуна 2 бош (вакант);
- Жалал-Абад ОИИБинин кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционеринин кызмат ордуна 3 бош (вакант);
- Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 2 бош (вакант) кызмат ордуна жана коштоп жүрүү тобунун коштоочу-милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин кызмат ордуна 1 бош (вакант);
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин кызмат ордуна 1 бош (вакант);
- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин кызмат ордуна; 1 бош (вакант)
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөтчүнүн жардамчысынын кызмат ордуна 1 бош (вакант).
Тиешелүү документтер 20-июнга чейин кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Байланыш телефондору: 03722 7-02-81; 0779 46-42-41.

