super.kg logo

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөр аталды. Кыргыз өлкөсү 93-орунда

 

Дүйнө жүзүндөгү эң коопсуз өлкө болуп кайрадан Исландия аталды. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Анда жазылган маалыматка ылайык, эң коопсуз өлкөлөрдүн сап башында Исландия турса, андан кийинкиде Жаңы Зеландия орун алды. Бул тизмеде Португалия үчүнчү орунга жайгашты.

Биринчи ТОП-10до Австрия, Дания, Канада, Сингапур, Чехия, Япония жана Швейцария орун алды. Орусия бул тизмеде 154-орунда жайгашкан. Ал эми Кыргыз өлкөсү 93-орунда жайгашса, Казакстан 70-орунда, Өзбекстан 103-орунда.

Мындай тизме Экономика жана тынчтык институтунун (IEP) жыл сайын жарыяланган докладында түзүлгөн.

Бул тизмеге жалпы 163 өлкө кирген. Ирак, Сирия жана Ооганстан өлкөлөрү эң акыркы орунда жайгашкан.

Рейтинг негизиги үч факторго (коопсуздук, уланып жаткан жаңжалдар жана өлкөлөрдүн милитаризация) таянып чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
10.06.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уланып жаткан чек ара чырлары дагы , коопсуздукка , абройго дагы шек келтирет . Ошондуктан армияны жоокерлер менен эмес заманбап технологиялар менен камсыз кылуу керек .
10.06.2020. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Япония кооптуу бизге караганда океан курчап турат жер титироо коп болот бул деген глобалдык ысык болсо аларга кыйынчылык болот дегенди билдирет
10.06.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Blueaffair,бул жерге эгзогенный факторлор эмес техногенный факторлор кирген коопсуздугу экенда!
11.06.2020. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны Зеландияда былтыркы жылы аябай эле коопсуз болчу,мечиттер тынч,эч ким кол салбачу эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: