Бишкек шаардык мэриясы шаардагы ири базарларды апта сайын дезинфекциялап турууну сунуштоодо
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов шаардын эпидемиологиялык абалы боюнча Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлагандай, Боронов шаарда түзүлгөн кырдаал тынчсыздандырып жатканын айткан. Мындан тышкары ал коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылып жатканын белгиледи.
"Шаарда күнүгө вирусту жуктургандар аныкталууда, ошол эле учурда илдет менен ооругандардын көпчүлүгүнүн инфекцияны кайдан жугузганы белгисиз. Калаада экономиканын дээрлик бардык тармактарында иш жанданып, коомдук транспорттор, ири базарлар жана соода аянттары иштеп жаткан кырдаалда вирустун жайылышын алдын алуу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошондуктан, абалды турукташтырып, иштөө ыкманы белгилүү бир деңгээлде алмаштыра турган иш-чараларды кабыл алуу зарыл", - деди Кубатбек Боронов.
Жыйында шаардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү дезинфекциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомдук жайларда, короолордо санитардык талаптардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейддер жана тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор тууралуу маалымат беришкен.
"Алардын айтымында, апта сайын ири базарларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого жабуу, коронавирус инфекциясына карата тесттерди өткөрүү маселесин кароо, ишкерлик субьекттер менен коомдук жайларга (мончо, бассейн, спорт зал) барган жактардын эсебин жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу, коомдук транспорт, базарлардын жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызматкерлери арасында оорунун алдын алуу иретинде скринингдик лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү сунушталууда", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

