Актёр Марат Жанталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты анын жакын санаалаштары жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат (фото)





Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Коштошуу зыйнаты Бишкектеги Учкун конушунда орун алууда.
Маркумду узатууга анын жакындары, маданият өкүлдөрү жана жакын санаалаштары келишти. Анда Темирлан Сманбеков сөз сүйлөп, аза күтүү митингин ачык деп жарыялады.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев: "Адамдын көзү тирүүсүндө маани бербей, көзү өткөндө баалап, жоктой турган инсандардын бири Марат Жанталиев. Анын комедиялык, драмалык тасмаларды жараткан образдары опол тоодой эмгек жасаганынан кабар берет.
Марат Жанталиев артынан өчпөй турган из, үй-бүлөсүнө сыймык калтырып кетти. Маркумдун жакындарына көңүл айтам", - деди ал.
"Бопуш" деп элге таанылган актёр Марат Жанталиев 59 жашында бөйрөк оорусунан улам 9-июнда каза болду. Анын өмүр таржымалы, актёрдук ишмердүүлүгү, үй-бүлөсү тууралуу маалымат менен ушул шилтемеден тааныша аласыз.

