super.kg logo

Италиялык вирусолог коронавирустун экинчи толкуну болбой калышы мүмкүн экенин билдирди

 

Акыркы илимий изилдөөлөргө караганда, коронавирустун экинчи толкуну болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу италиялык вирусолог Массимо Клементи билдирген.

Италиялык дарыгерлердин изилдөөсүнө ылайык, май айында коронавирус жуктуруп алган бейтаптарда оорунун курчтугу басаңдаган. Ошондой эле вирус жуктуруп алгандардын көбү оорунун жеңил түрү менен жабыркап, үйдөн эле дарыланууга мүмкүн болгон учурлар көп болгон.

"Биз 1-марттан 15-мартка чейин коронавирус жуктуруп алган 100 бейтапка, андан соң май айынын экинчи жарымында түшкөн 100 бейтапка изилдөө жүргүздүк. Изилдөөнүн жүрүшүндө эпидемия күч алып турган учурда вирустун өмүргө коркунучу жана бейтаптарда вирустун курч формада өтүүсү жогору болуп жатты. Ал эми май айында вирустун курчтугу 10 эсе басаңдаганы аныкталды", - деген Клементи.

Айтымында, мындай көрсөткүч менен коронавирустун экинчи толкуну болбойт деп ишенүүгө мүмкүнчүлүк бар. Вирус кайсы бир өлкөдө өтө тездик менен жайлып жатса, айрым өлкөдө бул процесс жай жүрүүдө. Бул вирустун потенциалынын жоголуусуна алып келет. Акырындап бул вирус агрессивдүүлүгүн жоготуп, алсызданып калат да кадимки сасык тумоо катары эле өтүп кетүүчү касиетке жетиши мүмкүн.

Буга чейин Япониядагы белгилүү инфекционист дарыгер Акихиро Сато дүйнө жүзүнө кучагын кеңири жайган коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун ыктымалдуулугун 90 пайыз деп баалагандыгы жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
11.06.2020. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мумкун эмес.Экинчи толкун деген болбойт болбойт!
11.06.2020. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
То болот то болбойт деп башты оорутуп бутушту Бир Кудайым билет алдыда бизди не кутуп турганы....окумуштуулпр озунчо эле вирусту обнчук кылышты ай
11.06.2020. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызыгы жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: