Алмазбек Атамбаев: "Коррупцияны жоюу мүмкүн эмес"
"Кол тийбестердин доору бүттү" деди президент Алмазбек Атамбаев коррупция жөнүндө орусиялык Россия-24 телеканалына курган маегинде. Ажонун айтымында, Кыргызстанда депутат менен министрлерден тарта сот жана прокурорлорго чейин кылмыш иштери козголуп жатат. "Уурдоо пайдасыз болуп бара жатат. Коррупцияны жоюуга мүмкүн эмес, бирок Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй деңгээлге жеткирилет",- деп билдирди ал. Ошондой эле президент митингдерге токтолуп, Кыргызстанда эми митинг жана пикеттерге тыюу салынбайт деди. "2008-жылы митингдерди Бишкектеги ат майданында гана өткөрүүгө уруксат берилген. Натыйжада революция болду. Ал эми митингдердин мыйзамдын чегинде өтүшү бул - башка маселе",- дейт президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

