super.kg logo

Казакстанда апасы мас абалында 8 айлык эгиз балдарын кокусунан өлтүрүп алган

 

Казакстандын Караганда облустук соту мас абалында кокусунан 8 айлык эгиз балдарын өлтүрүп алган 26 жаштагы Людмила Хакимовага карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, Хакимовага карата "кокустуктан адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгон. Сот Хакимованы 2 жарым жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

"Соттолуучуга буга чейин кылмыш иши козголгон эмес жана күнөөсүн моюнуна алып, кылган иши үчүн өкүнүп жатат. Ошондой эле дагы эки баласы бар болгондугуна байланыштуу жеңил жаза берилди. Хакимованы 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалсын. Эркиндикти чектөөнүн бүткүл мөөнөтү укук коргоо органдарынын тыкыр көзөмөлүнө алынсын", - деген Караганда облустук сотунун судьясы Еркеш Маукен.

Окуя ушул жылдын февраль айында болгон. Анда 26 жаштагы эне арак ичип отурганда, эгиз балдары тынчын алып ыйлаган. Мындан улам энеси аларды тезирээк уктап калсын деп үстүнө калың жууркан жаап салган. Качан гана балдар тынчып калганда аларды төшөккө алып барып жаткырып, өзү кошо уктап калган. Ойгонгондон кийин гана ал балдарын өлтүрүп алганын билген.






Казакстанда 26 жаштагы эне мас абалында кокусунан 8 айлык эгиз балдарын өлтүрүп алган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: