"Сакиш" деп таанылган Айнура Турганбаева: "Эми кимди Бопуня дейм?!"






Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Анда актёрдун сахнадагы өнөктөшү, "Сакиш" деп таанылган актриса Айнура Турганбаева ыйын тыя албады.
"Бүгүнкү күн мен үчүн оор болуп турат. Бопуш экөөбүз 1991-жылы театрдан жолугушуп, ошондо Сакиш-Бопуш болгонбуз. Сен менин устатым элең, сырдашым элең. Канча сырымды айтсам дагы бул киши тарбияга да салчу, кеп-кеңешин да айтчу.
Алтыным Бопуня... Эмне дейм эми? Айтканга сөз таппай турам. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Сен дайыма биз мененсиң. Мен сени капа кылсам кечир. Бири-бирибизди Сакуня, Бопуня деп эркелетип турчу элек. Эми кимди Бопуня дейм?! Үй-бүлөсүнө, жакындарына кайрат тилейм", - деп боздоду.
"Бопуш" деп элге таанылган актёр Марат Жанталиев 59 жашында бөйрөк оорусунан улам 9-июнда каза болду. Анын өмүр таржымалы, актёрдук ишмердүүлүгү, үй-бүлөсү тууралуу маалымат менен ушул шилтемеден тааныша аласыз.
"Сакиш" деп таанылган Айнура Турганбаева: "Эми кимди Бопуня дейм?!" деп боздоду





1 |