Депутат медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүнү карап чыгуу керектигин айтты
Депутат Дастан Бекешев медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүнү карап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"5-июлда медицина кызматкерлеринин күнү болот. Ушул жылы медицина кызматкерлери өтө көп жумуштарды аткарышты. Алар коронавируска каршы күрөшүп, күн-түндү карабай, үй-бүлөсү менен жолукпай иштеп жатышат. Төрага, президент, премьер-министр аларга ар кандай сыйлыктарды берип, бюджетте акча болсо акчалай сыйлык бериши керек. Өкмөттө медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселеси каралышы шарт. 2021-жылы алардын айлыгын көтөрүү зарыл", - деди Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:57
2026-03-09
10:31
2026-03-09
15:36
2026-03-08
14:14
2026-03-08
13:58
2026-03-08
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Ишке ашса жакшы болот.