super.kg logo
  Саясат  

Депутат өзгөчө абал учурунда иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кошумча айлык маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылды

 

Депутат Аалы Карашев өзгөчө абал учурунда иштеген укук коргоо органынын кызматкерлеринин кошумча айлык маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Коронавирустун биринчи толкунунан Кыргыз өлкөсү өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизип, элдин биримдиги менен өтүп жатабыз. Күч медицина кызматкерлери, ИИМдин кызматкерлери, жергиликтүү бийликте болду. Ушул үч бутакка рахмат айтып коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө абал кандай? Медицина кызматкерлер кошумча айлык акысын алышты. ИИМдин кызматкерлери күн-түн дебей, тикесинен тик туруп иштеп беришти. Ошолордун кошумча айлык акысын төлөп берүү маселесин чечип бериле элек. Тез аранын ичинде бул маселени чечип берүү зарыл", - дейт Карашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: