super.kg logo

Битир-садакадан чогулган 9 жарым миллион сомду муфтият муктаждарга таратууда

 

Муфтият элден чогулган садака-битирди муктаждарга таратууда. Бул тууралуу Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жыл сайын чогултулуучу садака-битирден жыйналган акча каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берди.

Таратуу иш-чарасына муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев жана дин башкармалыгынын аппаратынын иш башкармалык жана чарба бөлүмүнүн башчысы Алимбай ажы Эргешов жана эсепчиси Султан ажы Момунов катышты.

Анда муфтийдин орун басары өз сөзүндө, учурдагы кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу садака-битир аз топтолгонун белгилеп, муфтият жарандардын социалдык абалын эске алуу менен садака-битир алуу үчүн келгендерди түзүлгөн тизменин негизинде кезек-кезеги менен 3 топко бөлүп, ал атайын түзүлгөн коммиссиянын негизинде таратыла турганын баса белгиледи.

Жардамга муктаж, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге 2 жарым миң сом жана 10 килограмм ун.

Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2 миң сом, 10 килограмм ун.

Батирде турган, үй-бүлөлүк социалдык абалы начар жарандарга 1 жарым миң сом, 10 килограмм ун өлчөмүндө таратылып берилди.

Бул жылы садака-битир алуу үчүн 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 жаранга тапшырылып берилди.

Жалпы жолунан өлкө боюнча 2020-жылы битир-садакадан 9 миллион 595 миң 528 сом жыйналган. Бул каражаттын 40 пайызы 4 миллион 35миң 763 сом муфтияттын эсептик счётуна келип түшкөн.

Ал эми 50 пайызы 4 миллион 790 миң 804 жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы 944 миң 20 сому облустук казыяттарда калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.06.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллахым садака битирибизди кабыл кылсын. Ооруп сыртка чыгып Бир басып кетсем деп тилек кылган Бир туугандарыбызга Аллахым шыпаа берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: