super.kg logo

Бүгүндөн баштап "Кең-Булуң" автожол өткөрүү жайы иштеп баштады

 

11-июндан баштап Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Кең-Булуң" автожол өткөрүү жайы иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Казак тараптын демилгеси менен "Кең-Булуң" автожол өткөрүү жайы бир гана бош жүк ташуучу унаа каражаттарынын өтүшү үчүн ачылды (атайын көрсөтмө болгонго чейин). Муну менен башка өткөрүү жайларындагы жумуш жеңилдеп, бош жүк ташуучу унаа каражаттары үчүн ылдам өтүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Ошондой эле Чүй облусунда "Ак-Тилек", "Чалдыбар, "Кең-Булуң" жана Талас облусунда "Чоң-Капка" автожол өткөрүү жайлары да иштеп жатат.

Ал эми "Ак-Тилек автожол" жана "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайларында өкмөттүн талаптарына ылайык, жарандар жана оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өткөрүлүүдө деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: