super.kg logo

Ички коопсуздук аскер кызматында жазгы чакыруу башталды

 

Ички коопсуздук аскер кызматында жазгы чакыруу башталды.

3-июндан баштап ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу башталды.

Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты, ошол эле учурда коопсуздукту сактоо максатында жаңыдан аскерге чакырылгандарды COVID-19 вирустук инфекциясы боюнча атайын текшерүүдөн өткөрүштү.

Алар бир ай ичинде "Жаш жоокерлер курсунан" өтүшөт жана Ички коопсуздук аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт.

Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: