super.kg logo

"Тургундар бет кап тагынбай кайдыгер мамиле кыла баштагандыктан, илдет бизде дагы катталды" дейт өкмөттүн Таластагы өкүлү

 

Таластын тургундары акыркы күндөрү бет кап тагынбай, өздөрүн таштап койду дейт өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев. Бул тууралуу ал облус аймагындагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатканда билдирди.

"Коронавирус инфекциясы биздин өлкөдө катталган күндөн тарта илдеттин облус аймагына жайылышын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрдүк. Дээрлик 85 күн бою облусту "таза" кармадык. Бирок акыркы күндөрү элдин бет кап тагынбай, көчөлөргө көп чыгып, кайдыгер мамиле кылуусунан илдет бизде дагы катталды. Мындан улам облустун бардык тургундарына кайрылып, биримдикте болуп, көрсөтүлгөн алгоритмди сактоого чакырам. Биз санитардык талаптарды аткарсак илдетти жеңип кете алабыз деп ойлойм.

Негизги ишибиз оору аныкталган бейтаптарыбызды айыктырып, алар менен байланышта болгондордун баарын текшерүүгө алуу. Ушул иштерди аткарып алсак илдеттин облус аймагына жайылышын токтото алабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: