super.kg logo

Депутат Карашев Бабановдун эжесине куран окутушу боюнча: "Ал жерде адам жоготуу, кайгы болуп жатат. Бата кылып келдим"

 

Бүгүн, 11-июнда экс-депутат Өмүрбек Бабанов эжесине Бишкектеги "Кайнар" ресторанында куран окутканы айтылды.

Куран окутууга барган депутат Аалы Карашев Бабановдун эжесине бата кылып келгенин айтты.

"Бул жерде адам жоготуу, кайгы болуп жатат. Анын эжеси буга чейин өзгөчө абал учурунда каза болгон экен. Барып бата кылып келдим. Ресторанда анчалык деле эл көп болгон жок. Канча экенин так билбейм. Кесиптештерибиз болду", - дейт Карашев.

Буга чейин республикалык штабдын жыйынында Кубатбек Боронов массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйгөнүн айткан.

"Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда", - деген Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: