super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште "Кант" базасы тууралуу мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты

 

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңеште "Кант" базасы тууралуу мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев баяндама жасап, протокол үч негизги багытта иштелип чыкканын белгиледи.

“Биринчиден инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча аянт 924,52 гектар жерди түзүп, макулдашууда каралган аянтка караганда иш жүзүндө Орусия тарап 58,32 гектар көбүрөк жер тилкесин колдонот. Андыктан бул протоколдун күчүнө кириши менен ижара акысы 291 миң 600 долларга жогорулайт”, – деди Нурсеит Кедеев.

Баяндамачы экинчиден, протоколдун алкагында учуп-конуу тилкесин жана башка аэродромдун аймагындагы объектилерди Орусиянын эсебинен оңдоо маселеси каралганын белгиледи. “Үчүнчүдөн - учкучсуз учуучу аппараттарынын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максаты коюлган”, - деди ал.

Буга чейин коомчулукта "Кыргыз өлкөсү Орусияга "Кант" авиабазасынын аймагын учуучу тилкеге жасалчу ремонт үчүн берет" деген маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: