Өкмөт: "Жакынкы күндөрү "Коопсуз шаар" унаада бел курду такпай, телефон колдонуп бара жаткандарды да каттайт"
Бүгүн, 11-июнда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн-брифингде маалымат берип жатып, айнектери тонировка болгон унаалар "Коопсуз шаар" долбоорунун толук шартта иштешине тоскоол болуп жатканын айтты. Асрандиевдин айтымында, "Коопсуз шаардын" камераларын унаада бел курду такпай, кол телефонун колдонуп бара жаткандарды да тарта тургандай системде иштетүү пландары бар.
"Унаанын терезелерин караңгылатуу коопсуздукту сактоого терс таасир берери айтылып келе жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер да буга бир катар аргументтерди келтирип жүрүшөт.
Унаанын алдыңкы терезелери караңгылатылган учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун бардык функцияларын иштетүү кыйынга турат. Алдыда бул долбоор унаанын ичинде бел курду такпай келе жаткандарды, машина айдап бара жатып телефон аркылуу сүйлөшкөндөрдү да каттай тургандай системде иштейт. Бирок унаанын айнектери караңгылатылган учурда бул абалдар камерага көрүнбөй калат", - деди Асрандиев.












1 |