"Кайнар" ресторанынын алдында журналистке кол салганга шектүү милиция бөлүмүнө алып келинди
Буга чейин Бишкек шаарындагы "Кайнар" ресторанында куран окутулуп жатканын видеого тартмакчы болгон "Кактус медиа" сайтынын журналисти Марат Уралиевге кол салуу болгону маалымдалган. Анда журналист "белгисиз бир адам келип, колумду бурап, муунтуп, видео тартууга тыюу салды" деген.
Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы бул окуяга шектүү адам РИИБнин жоруктар боюнча бөлүмүнө алып келингенин кабарлады.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБнин кызматкерлери ыкчам иш-аракеттеринин негизинде 32 жаштагы Б.Ж.ны кармаган.
"Бүгүн, 11-июнда болжол менен саат 14:15де Бишкек ШИИББине "Кактус медиа" сайтынын журналисти "Кайнар" ресторанынын жанында жүргөндө анын тартуу иштерине белгисиз адам тоскоолдук кылып, өзүнө кол салганын билдирген. Чакырылган жерге Октябрь РИИБнин кызматкерлери барышканда, журналист аларга арыз менен кайрылган. Бул окуя Октябрь РИИБне Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, "майда бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Арыз ээсинин жабыркаган жерлерине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Издөө, иликтөө комлекстүү иштеринин натыйжасында Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы адам кармалып, РИИБге алып келинди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

