super.kg logo

Куран окутуудан кийин коронавирусту массалык түрдө жуктуруу болгон. Казакстандын дагы бир облусунда карантин күчөтүлөт

 

Казакстандын Караганда облусунда карантин чаралары күчөтүлөт. Буга аталган облустагы райондордун биринде куран окутуудан улам коронавирусту массалык түрдө жуктуруп алуу фактысы себеп болгон деп жазышат казак басылмалары.

Караганда облусунун акими илдетти жуктуруп алгандардын көбү үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдөн кийин катталып жатканын билдирген. Ал акыркы окуяларга токтолуп, облустун аймагындагы куран окутуудан кийин 21 жарандан илдет аныкталганын маалымдаган. Айтымында, куран окутууда коронавирус жуктуруп алганы аныкталган бейтаптардын көбү кары-картаңдар, өнөкөт оорусу барлар.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Караганда облусунда 13-июндан тарта карантин чаралары күчөтүлүп, жолдорго блокпосттор коюлат. Айрым транспорт каражаттарынын каттамына, соода борборлорунун иштөөсүнө чектөө киргизилет.

Коңшу өлкөдө 12-июнь саат 09:00гө карата коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 13 миң 872ни түздү. Анын ичинен 8593 бейтап илдетти жеңсе, 67си каза болду. 2 миң 529 жаранда оорунун белгилери байкалбай өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: