Кытайда акыркы бир сутка ичинде 7 адамдан коронавирус аныкталды
Коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 7 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталса, 4 адам ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган жети адамдын алтоо сырттан келген болсо, бир адам борбор шаар Пекинде катталган. Ал эми сутка ичинде инфекциядан каза болгондор катталган жок.
Бул көрсөткүч менен коронавирустун очогу болгон Кытайда жалпы 84 миң 216 адамдан инфекция аныкталды. 4 миң 638 адам каза болсо, 79 миң 464 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.