Жалал-Абад. Журналисттердин пресс-клубу түзүлдү
Жалал-Абад шаарында журналисттердин башын бириктирген пресс-клуб түзүлдү. Анын максаты - жаш журналисттердин кесиптик жактан өсүп өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. Клуб "Бийиктик деп аталып, ага мүчө болгондордун колдоосу менен бир
жылдык мөөнөткө Жалил Сапаров төрагалык кызматка бекитилди. Андан соң клубдун демилгечилери тарабынан түзүлгөн жобо талкууланып, алымча-кошумчалар киргизилди. Иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынып, кийинки кадамдардын иш-планы талкууланды. Ошондой эле жаш журналисттерди даярдоо үчүн "Жаш журналисттердин практикалык мектебин" ачуу боюнча да сунуш түштү.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
Рейтинг:
0

