super.kg logo

Казакстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алууга талапкерлер үчүн тандоо сынагы өтөт

 

Казакстандын жогорку окуу жайларында 2020-2021-окуу жылында акысыз билим алууга талапкерлер үчүн алдын ала тандоо сынагы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тандоо сынагы 2020-жылдын 23-24-июнь күндөрү Билим берүү жана илим министрлигинде өтөт.

"Бардык документтерди министрликке өз убагында жөнөткөн жана орто баасы "В" же "4", GPA 3.3 (4.0дөн) кем эмес болгон талапкерлер гана сынакка катыша алат.

Бакалавриат программасына тапшыруучулар үчүн 23-июнда саат 10:00дө математика, Кыргызстан тарыхы, англис тили боюнча сынак компьютердик тестирлөө форматында өтөт.

Магистратура программасы боюнча талапкерлер үчүн сынактык тандоо 2020-жылдын 24-июнунда саат 10:00дө өтөт. Талапкерлер менен уюштуруучу комиссиянын мүчөлөрү аӊгемелешет", - деп жазылат маалыматта.

Казакстандын ЖОЖдорунда билим алууга документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 19-июнуна чейин узартылат (саат 17:00гө чейин). Кыргыз жарандары үчүн тандоо сынагы өтө турчу жердин дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257.

Көӊүл буруӊуз!

Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында сынактык тандоонун алдында талапкерлердин дене табы милдеттүү түрдө текшерилет. Ошондой эле колдору антисептикалык каражат менен тазаланат. Талапкерлер социалдык аралыкты сактоо менен орундуктардан орун алышат.

Министрликтин имаратына аты-жөнүн тастыктаган документтери (паспорту же айдоочулук күбөлүгү), ошондой эле бет кап жана кол каптары бар талапкерлер гана кире алышат. Бул шарттарды аткарбаган талапкерлер сынактык тандоого катыша алышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: