super.kg logo
  Саясат  

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 12-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Улуу тарыхы жана маданияты, ири жетишкендиктери жана уникалдуу жаратылыш байлыктары болгон, көптөгөн улуттар менен ар кыл маданияттарды кошкон эбегейсиз мейкиндиктеги Орусия сиздин түздөн-түз катышууңуз менен мамлекеттик курулушта албан ийгиликтерге жетишти жана бүгүнкү күндө анын өнүгүшү менен эл аралык кадыр-баркы сиздин атыңыз менен тыгыз байланышта. Орусия Федерациясынын улуттук кызыкчылыктарды, жарандык биримдикти коргоого, руханий баалуулуктарды сактоого багыт алган курсу өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнүн жана прогрессинин кепилдиги болуп саналат.

Кыргыз өлкөсүндө жалпы тарыхый мурас, сиздин Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы кылымдарды карыткан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымыңыз, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде көрсөткөн колдооңуз жогору бааланат.

Кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мамлекеттерибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк духунда динамикалуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде мындан аркы албан ийгиликтерди, ал эми Орусия элине тынчтык жана бакубатчылыкты каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: