Актёр Михаил Ефремов күнөөлүү болуп жаткан жол кырсыгында каза болгон жаран жерге берилди
Орусиялык актёр Михаил Ефремов күнөөлүү болуп жаткан жол кырсыгында каза болгон жаран Сергей Захаров туулган айылында жерге берилди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маркумду кечээ, 11-июнда жакын туугандарынын катышуусунда Рязань облусундагы Кузьминское айылында жерге беришти. Тажиясына Сергей Захаровдун апасы да келген, ага кырсык тууралуу суук кабарды угузуу акыркы мүнөттөргө дейре оор болгону айтылат. Буга чейин 87 жаштагы апасына кабар угузула электиги жазылган. Коштошууга 60тай киши катышкан, коронавируска байланыштуу учурдагы абалга ылайык бардык эрежелерди сакташкан жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө өткөн.
57 жаштагы Сергей Захаров 8-июнь күнү Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде орун алган жол кырсыгынан кийин кайтыш болгон. Ал жол кырсыгына мас абалында болгон атактуу Михаил Ефремов айыпталып жатат жана ал күнөөсүн моюнуна алган. Актёр өзүнүн унаасы менен бара жатып, каршы тилкедеги жүк ташыган кичи унаа менен сүзүшкөн. Учурда Михаил Ефремов үй камагында. Ошондой эле атактуу өз жанын кыюуга аракет кылганы тууралуу маалыматтар чыккан.

