super.kg logo
  Саясат  

Баткенде бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кеткендердин экинчиси кармалды

 

5-сентябрь күнү Баткендин Кара-Булак айылында бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кеткен деп шектелгендердин экинчиси кармалды. Буга чейин биринчи шектүү кармалган эле. Муну бүгүн, 9-сентябрда Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков билдирди. Кылмышка шектелгендер  Кара-Булак айылынын тургундары, 1991-жылы туулган Абдисамат уулу Шербото жана Баткен шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган Нуралиев Нуржигит күнөөлөрүн моюнга алышты. 

Эскерте кетсек, 5-сентябрда булар бир үй-бүлөдөгү 5 адамды атып кетишкен. Алардын төртөө ошол жерден эле көз жумса, үй ээси Тажибай Эралиев учурда оор абалда ооруканада жатат.  

Каза болгондор:  

Рахат Эралиева, үй ээсинин жубайы. 1951-жылы туулган  

Каныбек Эралиев, уулу. 1986-жылы туулган  

Аида Байзакова, келини. 1990-жылы туулган  

Каныбек кызы Мадина, үй ээcинин небереси. 6 айлык.  

Кылмышка шектүү Абдисамат уулу Шербото окуяда көз жумган Рахат Эралиеванын бир тууганынын уулу болуп чыкты. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: